Нөшөрлөгөн жаандан Кытайдын бир нече аймагын суу каптады

Кытайда нөшөрлөп жааган жаандын айынан 77 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир нече күндөн бери токтобогон жамгыр Чжэцзян, Цзянси, Хунань, Сычуань, Гуйчжоу, Чунцин жана Гуанси-Чжуан провинцияларындагы 1,6 миллион адамдын жай турмушун бузуп, 77 миң жаран коопсуз жакка көчүрүлдү.

"1 миң 600 имарат урап, дагы 7 миң 900үнө ар кандай деңгээлде зыян келтирилди. Азырынча экономикалык чыгым 390 миллион доллар деп бааланууда", - деп жазылат маалыматта.

Метеорологдор шаршемби күнү дагы нөшөрлөгөн жаан уланаарын билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан