КҮНСОБОЛ: Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы? Экс-спикер Ахматбек Келдибеков: "Иликтөөдөгү миллиондор бул Кытай менен соода-сатык карым-катыштын акчасы"

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жооп берди.

Анын айтымында, журналисттик иликтөөдөгү маалыматтардын бардыгы жалган. "Албетте, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын ишинин жыйынтыгы ишендире алат, анткени, жеке менчик компания же агенттик эмес, ал мамлекеттик мекеме. Бул органда ар бир берилген тапшырма боюнча жасаган жыйынтыгына жоопкерчилиги ар дайым болот. Ошон үчүн ишенем.

Буга чейин деле финансист-экономист катары айтып келгем: миллиондогон суммадагы акча каражаттын бардыгы Кытай менен соода-сатык карым-катыштын акчасы. Мындан улам бул ири суммадагы акчаны жөн эле өлкөдөн чыгарып койду деп айта тургандай оюнчук эмес. Финпол изилдегиче эле финансылык-экономикалык документтерди көрүп, биринчи күндө эле журналисттик иликтөөдө бардыгы жалган деп айткам", - деди Келдибеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан