Украинанын президенти Володимир Зеленский Борисполь шаарында өтүп жаткан жыйында шаардык кеңештин катчысы Ярослав Годунокту залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, аталган жыйында борборлоштурулган оорукана боюнча маселе талкууланып жаткан. Анда сөз сүйлөп жаткан секретардын сөзүн Ярослав Годунок бөлгөн. Мындан улам президент андан телефонго видео тартуусун токтотуп, трибунага чыгуусун суранган.
Бир аз убакыт өткөн соң Зеленский Годуноктон мурда "каракчылык" менен соттолгону боюнча суроо салган. Годунок маалымат туура экенин айтканда, Зеленский анын залдан чыгып кетүүсүн талап кылган.
"Чык эшикке (бир нече ирет кайталаган)! Мени жакшы укпай жатасыңбы? Мындан кийин райондук администрацияда кыйкыра бер!" - деген.
Бул учурда Годунок президентке бир канча сөздөрдү айтууга жетишкен.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыккан.