АКШда дарыгерлердин катачылыгынан улам эгиз уулдуу болгон аял балдарды биологиялык ата-энесине кайтарып берүүгө аргасыз болду

АКШда дарыгерлердин катасынан улам башка адамдарга таандык биологиялык материалдардын жардамы менен эгиз уулдуу болгон аял балдарды ата-энесине кайтарып берүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, көп жыл бою бала жытына зар болуп келген түгөй Нью-Йорктогу жасалма жол менен бойго бүтүрүү боюнча эң ийгиликтүү клиникалардын бирине жардам сурап кайрылышкан.

"1 ай бою түгөй тиешелүү процедуралардан өтүп, дары-дармек ичишкен. Кийин аларга 8 эмбрион берилген. Жалпысынан алар буга 100 миң доллар коротушкан. Былтыр июль айында биринчи аракеттер көрүлүп, бирок аялдын боюнда болбой койгон. Сентябрь айында экинчи жолку аракеттен кийин аял кош бойлуу болуп, УЗИден курсагында эгиз эркек экени аныкталган. Ушул жылдын 31-мартында түгөйлөр эгиз уулдуу болушкан. Бирок көптөгөн жыл бою эңсеп күткөн балдары ата-энесине такыр окшош эмес болуп чыккан. Тиешелүү экспертизалардан кийин эгиз балдар генетикалык жактан да окшош эместиги аныкталган.

Натыйжада күйөөсү менен аялы эгиздерди биологиялык ата-энелерине берүүгө аргасыз болушкан, алар да ушул эле клиниканын кардарлары болгон. Учурда көптөгөн жыл бою эңсеп келген кыялынан кол жууган түгөй бул окуядан улам катуу стресске кабылганын айтууда. "Узак убакытка чейин бул тууралуу эч кимге айта албай жүрдүк, бизге оор болду" деп билдиришкен алар. Азыркы тапта жабырлануучулар сотко кайрылышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
munduz2016
2019-07-11 13:58:50
Джеймс Камэронго барсаңар аватар жасап бермек ☺☺☺
+1
Aikaaaa
2019-07-11 14:10:25
munduz2016, смайликтерди кантип койдуңуз
+1
Kombi
2019-07-11 16:03:34
Aikaaaa,минтип
0
meni_kut
2019-07-11 21:48:55
Aikaaaa,
0
Asmera.
2019-07-11 14:22:45
:)
0
munira-tilen
2019-07-11 14:41:24

0
Bodibilding
2019-07-11 16:06:31
:)
0
Bodibilding
2019-07-11 16:06:40
(:)
0
Avrora2017
2019-07-11 17:30:36
0
Eli.91
2019-07-11 23:15:33
☺☺
0
TIMON_BERKOWITZ
2019-07-12 00:31:12
Күлкүмүштүү эч нерсеси жок. Бала жытын 9ай эңсеп жүрүп төрөгөн энесинин үмүтү үзүлгөнү өкүнүчтүү.
Балалуу болгонго гарантия алгандай шылдыңдайсыңар го.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан