Кыргыз улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кино долбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтуусу, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келип, чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болуусу керек.
Тасмалар сынагын өткөрүү мөөнөтү 1 ай, тагыраагы, 2019-жылдын 8-июлунан 8-августка чейин.
Тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жарым жартылай ишке ашырылат. Бул искусство жарышына менчик түрүнө карабастан Кыргыз өлкөсүндөгү бардык кинематография мекемелери жана кино долбоорлордун продюсерлери катыша алат.
Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:
Биринчи этап – сынакка билдирмелерди кабыл алуу 2019-жылдын 8-июлунан 8-августуна чейин;
Экинчи этап – 2019-жылдын 23-августуна чейин Эксперттик комиссия тарабынан келип түшкөн билдирмелер каралып, сынактын жыйынтыктары чыгарылат.
Сурап-билүү телефону: 0312 30 10 42