Москвада соода борборлорунан кымбат баалуу кийимдерди уурдап жүргөн топ кармалды

Москвада соода борборлорунан кымбат баалуу кийимдерди уурдап жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Кылмышка шектелип кармалган 6 адамдын үйлөрүн тинтүү учурунда 100дөн ашуун кымбат баалуу кийим-кече табылган. Мындан сырткары ар кандай ишканаларга таандык жасалма мөөрлөр бар болуп чыккан.
"Кармалгандардын үчөө эркек, үчөө аял кишилер, алардын жашы 22ден 39га чейин. Тергөөнүн алкагында кылмыштуу топтун башчысы ири соода борборлорунун биринде күзөтчү болуп иштегени аныкталган. Ал кандай жол менен кийимдерди уурдоо керектигин айтып берип турган. Кылмышка шектүүлөр уурулукка кымбат баалуу кийимдерди саткан дүкөндөрдүн атайын баштыктары менен кирип, сатуучуларды шектентчү эмес. Үйлөрүнө барган соң уурдалган кийимдерди социалдык тармактар аркылуу сатып келишкен. Учурда соттун чечими менен 3 адам камакка алынып, үчөө үй камагына чыгарылды. Бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан