2019-жылдын август айынан тартып 20 коргоочу элементи бар жаңы үлгүдөгү унаалардын техникалык паспорттору бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
"Бланк жогорку деңгээлдеги коргоодон турган сапаттуу кагаздан жасалган. Ага өлкөнүн мамлекеттик символикалары жашырылган, алар ультракүлгүн жана инфракызыл нурлардын жардамы менен гана окулат. Жалпы 20 коргоочу элементтер менен басылган бул документти жасоо татаал", - дейт басма сөз кызматы.
3 тилдеги графалардан турган бул жаңы техпаспорттор эл аралык стандартка жооп берет.