Пакистанда эки поезд сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болуп, 67 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Пакистанда эки поезд сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болуп, 67 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Пенжаб провинциясында орун алган. Анда Кветта-Лахор багыты менен каттаган поезд токтоп турган товар ташыган поездди сүзүп кеткен.

"Алдын ала берилген маалыматка ылайык, кырсык экинчи поезддин өз жолу менен кетпегенинен улам келип чыккан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда. Жабыркагандардын арасында 11 аял жана 9 кичинекей бала бар. Учурда жабырлануучуларды ооруканага жайгаштыруу иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан