Сауд Арабияда мурдагы жолдошуна билдирүү жиберген аялды сот 3 күнгө камакка алды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, камакка алынган аял жолдошу менен 5 жыл мурда расмий түрдө ажырашкан. Кийин ал күйөөсүн кемсинткен билдирүүлөрдү Whatsapp, Snapchat жана башка социалдык тармактары аркылуу жиберген. Мындан улам жолдошу аны сотко берген. Сот аялды күнөөлүү деп таап, 3 күнгө абакка отургузуу чечимин чыгарган. Ошондой эле сот аялды мурдагы жолдошуна эч кандай билдирүү жазбоого милдеттендирген.