Бүгүн, 11-июлда Москва облусунун Мытищи шаарындагы жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) өрт чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 11ге жетти. Кырсык катталган жерде 78 куткаруучу, 24 өрт өчүрүүчү иштөөдө. Өрттүн бийиктиги 50 метрге чейин жетип жатканы айтылууда. Орусиянын энергетика министрлиги өрттүн чыгуу себеби күйүүчү май сакталган цистернанын жарылуусунан чыгышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Аталган ЖЭБ Москва шаарынын түндүк тарабын жылуулук менен камсыздап келген.