Австралиялык Шериф Гиргис 2007-жылы 23 жашында лотереядан 30 миллион Австралия долларын (болжол менен 21 миллион АКШ доллары) утуп алган. Байлыгын көбөйтүү үчүн ал кеңешчинин сөзүнө кирип паб, катер, түнкү клуб, океандын жээгинен аймак сатып алган. Бирок бул иш-аракети ага эч кандай пайда алып келбей, чыгымга учураган.
Гиргис пабдын оңдоп-түзөө иштерине 1 миллион 300 миң доллар короткону менен ал жерден тескерисинче, дагы 1 миллион доллар чыгымга учураган. 2 миллион 650 миң долларга алган түнкү клубунун абалы өтө эле начар болуп чыккан. Жыйынтыгында Гиргис бул ийгиликсиз инвестициянын баарын жасоого кеңеш берген Рассел Поливка аттуу агентти сотко берген.
Жыйынтыгында Перта шаарынын соту Расселди Гиргиске 2 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.