Эртең, 12-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай маалымат Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.
Маалыматта түнкүсүн өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөй турганы, күндүзү абанын температурасы +38 градуска жетери жазылган.
Ал эми коңшу Казакстанда 12-13-июлда катуу ысык орун алып, абанын температурасы +40... +43 градуска жетери маалымдалган.