АКШда аялдын жатынынан 22 килограмм шишик алынды

АКШда аялдын жатынынан 22 килограмм шишик алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Алабама штатынын 30 жаштагы тургуну Кейла Рана соңку айларда ичи ооруп, көңүлү айнып жатканын байкаган. Арыктоонун ар кандай ыкмаларын колдонгонуна карабастан ал өтө тездик менен семирип кеткен. Үйдөн чыгып 5 метр басканда дем ала албай кыйнала баштаган. Ооруканага барганда дарыгерлер алгач арыкташ керек экенин айтып жолго салышкан.

"Рана жан кейиткен ооруга чыдай албай калганда ооруканага кайрылган. Ошол маалда гана дарыгерлер анын жатынында шишик бар экенин аныкташкан. Шишик ушул абалда бир канча ай турса көптөгөн жаңы оорулар пайда болмок экенин дарыгерлер билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.

Бактыга жараша, операция ийгиликтүү өтүп Кейла Рананын абалы жакшыра баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zinagull1996
2019-07-12 20:42:11
Кудаай аай озун сактай.гор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан