Тажикстанда нанга ууланып каза болгон 14 кылмышкердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстанда бир абактан экинчи абакка жеткирилип бараткан учурда нанга ууланып каза болгон 14 кылмышкердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Хужанд жана Истаравшан колонияларынан Дүйшөмбүдөгү Нурек жана Яван колонияларына жеткирилип бара жаткан 128 кылмышкердин (анын 8и аялдар) ичинен 14ү нанга ууланып каза болгон.

"8-июль күнү каза болгондор жакын туугандарынын жана абактын кызматкерлеринин катышуусунда жерге берилген. Журналисттерге каза болгон кылмышкерлердин туугандары менен сүйлөшүүгө уруксат берилген эмес. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул учурда социалдык тармактарда каза болгон кылмышкерлердин биринин сүрөтү тарап, анда анын бети көк ала экени байкалган. Бирок бул сүрөттө нанга ууланып каза болгон кылмышкер экенин далилдөө мүмкүн болгон эмес. Жергиликтүү дарыгерлердин бири "адам нанга ууланышы мүмкүн, бирок андан каза болушу мүмкүн эмес" деп билдирген" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан