Дубайда 21 жаштан өткөн мусулман эмес туристтерге атайын лицензиясы бар дүкөндөрдөн алкоголдук ичимдиктерди сатып алууга уруксат берилди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин алкоголдук ичимдиктер бар же ресторандарда гана сатылган болсо, эми туристтер паспортун көрсөтүп, Mercantile and Marketing international дүкөндөр тармагынан 30 күндүк лицензия менен сатып ала алышат. Ичимдиктер кардарга дүкөндөн атайын эрежелер көрсөтүлгөн баракчалар менен бирге сатылат.
Дубайда жергиликтүү тургундар алкоголдук ичимдиктерин лицензия менен атайын дүкөндөрдөн гана сатып алып келишет. Лицензия алуу үчүн тургундар иштеген жумуш ордунан маалым кат алып келүүсү кажет.