Дүйнө жүзүнө "Шакектер шаасы" ("Властелин колец") тасмасындагы Фродонун ролу аркылуу таанылган Голливуд актёру Элайжа Вуд биринчи жолу ата болуу алдында турат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Аны сүйүктүүсү Матте-Марри Конгсвед менен бирге Лос-Анжелесте сейилдеп жүргөндө байкашкан. Чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрү жубайынын жакында көз жарарын жана колунда нике шакеги бар экенин кошумчалашкан.
Элайжа Вуд англиялык жазуучу Жон Рональд Руэл Толкиндин китебинин негизинде тартылган "Шакектер шаасы" үчилтик тасмасында Фродо Беггинстин ролун жараткан.