Ош шаарында жашап жаткан батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып кеткен эне 6 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.
Белгилүү болгондой, бул убакыт аралыгында эки кызды багып алабыз деген ниет менен эки үй-бүлө кайрылган. Бирок кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болгондугуна байланыштуу багып алууну каалагандардын максаты ишке ашкан эмес.
"Энесимин деп бир жолу келип кеткен аял ошол бойдон келген жок. Кыздар тууралуу эч кандай маалымат жок. Мадина менен Мубинанын балдарды реабилитациялоо борборуна келгенине 6 ай болуп калды. Учурда Мадина Оштогу интернат үйүнө которулган, ал эми Мубина Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдарды реабилитациялык-адистештирилген борборунда каралууда. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу иштери кызуу жүрүүдө. Күбөлүктөрдү алган соң кыздар башка үй-бүлөгө асыроого берилмекчи", - дейт Раева.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Эки кичинекей кызы менен Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип, 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Ошондой эле кыздардын энеси 6 ай бою алардан кабар албаса, энелик укугунан ажыратыла турганы айтылган.