Казак өкмөт башчысынын Кыргыз өлкөсүнө болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келип, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Анда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелер каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын премьер-министринин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

- "Элет Агрохолдинг" ишканасы жана "Continental Agro Trade" жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин (ЖЧШ) ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

- "Хайтун" ишканасы жана "Continental Agro Trade" ЖЧШсы ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

- "Дордой Базары" ЖЧКсы жана "Continental Agro Trade" ЖЧШ ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

- АК "ЭСК "KazakhExport", ЖЧШ "AAEngineering Group" жана ЖЧШ "Глобал Жамгыр Майнинг" ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);

- "ДАМУ" "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" акционердик коому менен "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;

- Кыргыз өлкөсүнүн Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;

- 2012-жылдын 11-майындагы эки өлкөнүн жарандарынын Кыргыз жеринде жана Казакстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан