13-июлдан тартып Ош шаарынын Шакиров (Гагарин) көчөсү 4 айга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"4 ай ичинде Шакиров көчөсү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Узундугу 2 чакырым 400 метр жолго асфальт төшөлүп, жол 20 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат. Жашылдандыруу максатында дарактар отургузулат. Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу системи жакшыртылат", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.