Кара-Көл шаарында милиция кызматкерлери сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу 13-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, "Коопсуздук биргеликте" иш-чарасынын алкагында Кара-Көл ШИИБинин, мэрия, ӨКМ жана бир катар тиешелүү кызматтар менен биргеликте сууга түшүүгө кооптуу делген жерлерге атайын эскертүүчү тактайчалар илинди.
"Шаар аймагындагы эс алуучу жайлар "Кайыңды" жайкы балдар лагери, "Пионер" жана "Комсомол" көлдөрү, "Кайыңды" суусу, Кара-Суу дарыясы көзөмөлгө алынды. Сууга чөккөн учурда көрсөтүлүүчү биринчи жардам боюнча кеңештер берилди. Ошондой эле мас абалындагы жарандардын сууга түшүп, чөгүп кетүүсүнүн алдын алуу жана балдарды көзөмөлсүз суу жээктерине, көлмөлөргө жөнөтпөө керектиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.