Жаштар китеп окууну жайылтуу максатында күн сайын саат 18:00 жана 20:00 аралыгында "Ала-Тоо" аянтында акция өткөрүп жатышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мунарбек Базаркул уулу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Ал иш-чара аркылуу коомчулуктун көңүлүн жакшы жакка бурууга жетишебиз деген ишеничте. "Кыргыз өлкөсүндө "Бир адамдан бир китеп" деген долбоор иштеп жатат. Достор арасында "аймактарда китепканалар жаңыланууда, бирок окууга болгон кызыгуу кандай болуп жатат" деп сүйлөшүп калдык. Анан китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу максатында иш-аракеттерди жасап жүргөндө акцияны баштай турган болдук. Борбордук аянтка кечке жуук сейилдөөгө чыккандар көптүгүн, отурганга ыңгайлуу жерлер бар экенин эске алып ошол жерде уюштуруп баштадык. Акцияны күн сайын өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Алгач 7 адам менен баштаганбыз, кечээ 50-60ка жетти. Маалыматты жайылтып жатканда китеп ала келиңиздер деп жатабыз. Уюштуруучулар да өзүбүз менен кошо 5-6 китеп алып барып, жаңы кошулгандарга бердик", - деди ал.
Ошону менен бирге "Китеп окуу сааты" акциясы Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
"Борбордук аянтта китеп окуп жатканыбызда Америкадан келген турист келди. Ал арабызга кошулуп, кыргыз тамгаларын үйрөнүп, бир абзацтан китеп окуп кетти. Өлкөбүздө жүргөнүнө бир жума болуптур. Китеп окуп отурганыбызды көрүп, кубанып жакшы баа берди", - деди Мунарбек Базаркул уулу.