Иттин этин жесе болобу? Түштүк Кореяда каршы болгондор жана колдогондор бир жерде митинг өткөрүштү

Түштүк Кореяда жаныбарларды коргоо боюнча топтун өкүлдөрү иттин этин азык катары колдонууга каршы митинг өткөрүштү. Алардын арасында Голливуд актрисасы Ким Бейсингер да болду. Алардан 10 метр алыстыкта фермерлер митингчилерге каршы акция өткөрүп, иттин этинен жасалган тамактардын дегустациясын уюштурушту. Бул тууралуу 13-июлда кореялык басылмалар жазып чыгышты.

Иттин макетин колго көтөрүп турган активисттер жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлбөгөнүн сынга алышты. Ал эми актриса Ким Бейсингер жаныбарларды коргоо тобуна Кореядагы атактууларды кошулууга чакырды. Жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, 2018-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кореядагы жашоочулардын 46 пайызы иттин этин жегенге тыюу салууну колдошкон. Ал эми 18,5 пайызы каршы экенин билдиришкен.

Митингчилерден алыс эмес жерде иттин этин сатып ишкерлик кылгандар да акция өткөрүштү. Алар итти башка үй жаныбарлары катарында көрүү керектигин белгилешкен. Алардын айтымында, 70 миңге жакын адам иттин этин сатып жан багып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beka19
2019-07-14 11:25:14
Чыгыш элдеринен япондордун ашканасын таза жана маданияттуу деп эсептейм
+6
Mamiev
2019-07-14 15:32:42
Beka19,Барып маданияттуу болуп жылан ит мышыгынан бери жеп кел. Биз алардан ошонусу менен айырмаланабыз. А кытай корейлер кыбыр эткен жандыктын баарын жешет анысы аз келгенсип тирүүлөй куйкалашат
-3
Beka19
2019-07-14 21:47:11
Mamiev,мен кимдер жөнүндө жазганымды жакшылап окуп, анан жооп жазчы акылман боло бербей
+3
Sakubek
2019-07-14 13:48:17
Ит деле уй сыяктуу жаныбар да, анда кой-уйларды да коргоп чыгыш керек
+5
Akyl78.1501
2019-07-15 06:51:56
Чыгыш элдери асманда учкан баардык жандыктарды жейт только самалетту жей алышпайт сууда жургон баардык жандыктарды жейт только параходту жей алышпайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан