Азербайжанда 500 жылдык чынар теректин бутагы сынып кетип 19 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-июлда Шеки шаарындагы Шекин хандарынын ак сарайында орун алган. Анда 500 жылдык чынар терегинин бутагы сынып кетип 19 туристти басып калган.
"Натыйжада 19 адам ар түрдүү жаракаттарды алган, анын ичинен 5 cириялык жана 2 орусиялык турист бар. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда алардын абалы туруктуу.
Шекин хандарынын ак сарайы Азербайжандагы тарыхый жана баалуу эстеликтердин бири болуп саналат. Ал ак сарай 1761-1762-жылдары курулуп, Гусейин-хан Муштаддын жайкы резиденциясы катары колдонулуп келген. Шеки шаарынын тарыхый бөлүгү жана аталган ак сарай ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген", - деп айтылат маалыматта.