Бүгүн, 15-июлда Казакстандын эң ири шаары деп эсептелген Алматы электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымында, электр жарыгы шаардын бардык аймагында жок. Көчөлөрдө жол чырактар иштебей, унаа тыгындары пайда болгон. Жол полициясы көчөлөрдө авто тыгынды жөнгө салуу үчүн иштеп жатат. Алматы метрополитени убактылуу иштебей турат. Кырдаал жөнгө салынгыча поезддер жүрбөйт.
Жергиликтүү бийлик шаар боюнча электр энергиясынын жоктугу жогорку кубаттагы электр линиясынын аварияга учураганына байланыштуу экенин түшүндүргөн. Электр энергиясы 2-3 сааттан кийин бериле тургандыгы айтылууда.
Ал эми Алматы эл аралык аэропортунда автономдук электр линиясы бар болгондуктан каттамдар өз убагында аткарылып үзгүлтүксүз иштөөдө.
Алматы шаарында 1 миллион 800 миң адам жашайт.