Ысык-Көлдүн тургундарына, меймандарына туристтик милиция кызматкерлери ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
14-июлда Чолпон-Ата шаарында эс алуучулар туристтик милицияга кайрылышкан. Анда А.К. аттуу 4 жаштагы бала дайынсыз болуп жатканын айтышкан. Туристтик милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштерин баштап, 1 саат аралыгында баланы аман-эсен табышкан. Бала ата-энесине өткөрүп берилген.
Ошол эле күнү Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде эс алып жаткан 44 жаштагы И.И. аттуу аял сууга секирип түшөм деп бутун чыгарып алган. Жабырлануучуну туристтик милиция кызматкерлери аймактык ооруканага жеткиришип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.