Премьер-министр Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушун аяктоону тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы курулуш иштери жүрүп жаткан тилкелерди көрүп чыгып, жалданма уюмдар жана жергиликтүү жашоочулар менен маектешти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, учурда Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюп өтүү жүрүүдө.

Анын айтымында, айланма жолдун курулушуна 500 миллион сом керектелет, бул каражат Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов белгилегендей, унаа жолун реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 миллиард 803 миллион сомдон 8 миллиард 785 миллион сомго чейин көбөйгөн.

Премьер-министр унаа жолун реконструкциялоо долбоорунда бул сыяктуу сарптоолор эске алынбаганын айтып, айланма жолдун курулушуна зарыл каражаттар табыларын белгиледи. Ошондой эле бардык курулуш иштерин белгиленген планга ылайык сапаттуу аяктоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан