Төрага Дастанбек Жумабеков Түркиянын президенти менен бирге "15-июлдун курмандыктарын эскерүү" иш-чарасына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу Түркиянын баш калаасы Анкарада "15-июлдун курмандыктарын эскерүү" иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Дастанбек Жумабеков Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирге бул иш-чарага катышты. Мындан сырткары Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган.

"Төрага баштаган парламенттик делегациянын расмий иш сапары эки тараптуу жолугушуулар менен уланды. Жолугушуунун алкагында төрага Дастанбек Жумабековдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мындан үч жыл мурда Түркия Республикасында төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан