"Аккула" ат майданы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэрия архитекторлор арасында сынак жарыялады

"Аккула" ат майданы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Буга байланыштуу Бишкек мэриясы ат майдандын жаңы долбоорун түзүү үчүн архитектуралык сынак жарыялады.

Сынакка катышууда шаар курулушу, объекттин тарыхый жана маданий маанилүүлүгүн эске алуу керек. Сынактын максаты атаандаштык аркылуу архитектура-пландоо жаатында прогрессивдүү сунуштарды алуу болуп саналат.

Ага архитекторлор жана архитектура тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат бере турган сертификаты бар жарандар катыша алат. Катышуучу долбоорду жазуу үчүн атайын топ түзүп, өзү жетекчилик кыла алат. Топтун курамына сынактын шарттарын аткаруучу адистер, архитекторлор кирсе болот.

Долбоорду сынакка 1-октябрь күнү саат 17:30га чейин тапшыруу кажет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан