
Якутскта сууга чөгүп жаткан 3 баланы куткарууга аракет кылган 4 адам да каза болуп калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Лена дарыясында орун алган. Анда сууга түшүүгө тыюу салынган аймакта 3 бала сууга чөгүп жатканын көргөндөр аларды куткарууга аракет кылышкан.
"Кырсык болгон аймакта 11 адам сууга түшүп жаткан. 3 бала чөгүп баштаганда аларды куткарабыз деп сууга түшкөн 4 чоң киши да чөгүп кеткен. Куткаруучулар тарабынан алардын жансыз денелери табылып, үй-бүлөлөрүнө өткөрүп берилди. Бул факты боюнча текшерүү иши жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.