Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев 66 жашында каза болду

16-июлда Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев оорудан улам каза болду. Ал 66 жашта эле. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Ашырбек Темирбаев 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Билими жогору. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн.

Эмгек жолун 1973-жылы Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы болуп баштаган. 2012-жылдан тартып Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп келген.

SUPER.KG порталы Ашырбек Темирбаевдин каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-07-16 17:02:06
Жайы жанатта болсун!Жогорку кенешке отчёт тапшырганы келип жургондо да байкап калчум,бул окмоттун мучосу бир жери ооруйт окшойт деп..(((
0
Muslim_KGstana.
2019-07-16 17:27:50
Кечке парламентте жалгыз олтура берчу бечара
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан