Түштүк Кореянын премьер-министри И Нак Ён 17-июлдан 19-июлга чейин расмий сапары менен Кыргыз жерине келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министрдин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун кореялык компаниянын катышуусунда 2 кыргыз-корей бизнес-форумун, "В2В" түрүндөгү жолугушууларды өткөрүү пландалган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Түштүк Кореянын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.