Крымда балдар лагеринде 40ка жакын бала тамакка ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Евпаториядагы "Лучистый" балдар лагеринде орун алган. Анда лагерге эс алууга келген 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар ооруканага түшкөн.
"Жалпысынан 40ка жакын бала ооруканага жаткырылган. Алардын баары кусуп жана ичтери өтүүдө. Учурда 3 баланын абалы оор бойдон калууда, калгандарынын абалы орто. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.