Америкалык ырчы Леди Гага актёр Брэдли Купердин үйүндө жашап жатканы айтылгандан кийин орусиялык интернет колдонуучулары ырчынын Инстаграмын комментарийге толтурушту.
Кызыгы комментарийлердин көпчүлүгү Леди Гаганын кайсы бир сүрөтүнө же чыгармачылыгына байланыштуу эмес. Баары орус тилинде жазып жатышат. Кээ бири жарыя тактасы катары жарнама берсе, "Кечинде эмне тамак кылсам экен?", "Президенттик шайлоо ушул жакта болуп жатабы?", "Наполеон тортунун рецебин берип койгулачы", "Крымды кайтардык, Бредлини да кайтарабыз" деп түрдүү темаларда жазгандар бар.
Комментарий калтыргандардын арасында Максим Галкин, Виктория Боня, Гарик Харламов, Михаил Галустян, Гарик Мартиросян, Евелина Блёданс жана башкаларды көрүүгө болот. Леди Гаганын 36 миллион 300 миң катталуучусу бар. Мурунку сүрөттөрүнө 10 миңге жетпеген комментарий жазылып келген болсо, акыркы билдирүүлөрүндө комментарийлердин саны 160 миңден ашкан.
Интернет колдонуучуларынын "чабуулу" ырчы Леди Гага орусиялык модель Ирина Шейктин күйөөсү Бредли Купер менен чогуу жашап жаткандыгы белгилүү болгондон кийин башталды.
Орусиялык белгилүү модель, актриса Ирина Шейк менен америкалык актёр, режиссёр Брэдли Купер ажырашканы тууралуу 7-июнда ачыкталган. Актёрдун үйүндө ырчы Леди Гага бир айдан бери жашап жатканы белгилүү болгон.
Айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары Брэдли Купер менен Ирина Шейктин эки башка жолго түшүүсүнө ырчы, актриса Леди Гага себеп болгонун жазып чыгышкан. Брэдли Купер менен Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасына чогуу тартылгандан кийин сүйүү мамилесин куруп баштаган деген маалыматтар айтылган.