Израилде бала бакчадан 1,5 жаштагы кызды тумчуктуруп өлтүргөн тарбиячынын жардамчысы 17 жылга эркинен ажыратылды

Израилде бала бакчадан 1,5 жаштагы кызды тумчуктуруп өлтүргөн тарбиячынын жардамчысы 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Соттун мындай чечимине наристесинен айрылган ата-энеси наарызычылыгын билдирип, бул өтө эле "жумшак" жаза экенин билдиришти.
"Израилдин соту бала бакчанын Инна Скибенко аттуу тарбиячысын 17 жылга эркинен ажыратты. Окуя мындан бир жыл мурун болгон. Анда түшкү уйку учурунда уктагысы келбеген 1,5 жаштагы Ясмин аттуу кызды тарбиячынын жардамчысы жуурканга ороп, үстүнө отуруп алган. Кыздын үстүнө отуруп алган аял уюлдук телефонунда оюн ойногону да айтылууда. Кийин жуурканды ачканда кыз чарчап калганы аныкталган. Кылмышка шектүү өз күнөөсүн моюнуна алды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан