Социалдык тармактарда Марк Цукерберг Калининградды сатып алуу сунушу менен Медведевге кайрылды деген жалган маалымат тарады

Фейсбуктун негиздөөчүсү жана миллиардер Марк Цукерберг Орусиядагы Калининград шаарын сатып алуу ниети бар экенин айтты. Ал мындай пикирин Индиянын Дели шаарына болгон иш сапарында айткан.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, миллиардер Дели шаарындагы Индия технология университетинин студенттерине лекция окуган. Студенттер Цукербергге "Адамзаттын келечегин кандай элестетесиз? Жаркын келечек үчүн сиз кандай иштерди жасоону пландап жатасыз? Дүйнөнүн биринчи президенти болууну каалайсызбы?" деген суроолорун узатышкан.

"Албетте, адамзаттын келечегин алдын ала мындай болот деп айтуу кыйын. Бирок келечек силердин, эртеңки окумуштуулардын колунда экенине ишенгим келет. Бир кезде силердин жардамыңар менен ачарчылык, оору деген маселелер чечилерине ишенем.

Силерге белгилүү болгондой, Фейсбук компаниясынын 99 пайыз акциясын, тагыраагы, 45 миллиард доллар каражатты келечек муундарга жумшоо чечимин кабыл алганбыз. Биз Жер планетасынын бардык аймактарындагы ар бир жаранга интернетти акысыз жана жеткиликтүү кылуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Дүйнө жүзүнүн президенти болгум келбейт. Бирок жаңы типтеги мамлекеттин президенти болууну кыялданам. Ал өлкөнү Науколандия деп атап, кыялдарымды ошол мамлекеттен ишке ашыргым келет. Жардамчыларым Орусияда Европа өлкөлөрү менен курчалган башкача аймак бар экенин айтышты. Ошондой эле Орусия учурда экономикалык оор кырдаалды өткөрүп жатканын билдиришти. Мындан улам досум Дмитрий Медведевге Твиттер аркылуу кайрылып, Калининград шаарын мага сатуусун сурандым. Биз Орусиянын ошол аймагына жаңы мамлекет курабыз", - деген ал.

Бирок Марк Цукерберг Калининградды сатып алууга ниет коюп жатат деген билдирүү 2016-жылы 1-апрель күнү туристтик журнал тарабынан социалдык тармакка чыккандыгы маалым болду. Интернет колдонуучуларды таң калтырган маалымат жалган экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bahabrat79
2019-07-18 12:16:51
Окуганда таң калган болчумун, Фейсбук турса эмнеге Твиттер аркылуу кайрылат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан