Бүгүн, 17-июлда Куала-Лумпурда Азия футбол конфедерациясы тарабынан "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын экинчи баскычынын чүчү кулагы өттү.
Анын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү "F" тайпасына жайгашты. Бул тайпага Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия бөлүндү.
Тайпалык оюндардын мыкты 12 командасы (тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 4 мыкты 2-орун алган командалар) 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат.