Украинанын экс-президенти суракка барган жок

Украинанын экс-президенти Петро Порошенко Мамлекеттик тергөөлөр бюросуна суракка барган жок. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Роман Трубага таянып украин басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Порошенко "салыктарды төлөөдөн баш тарткан жана "Кузня на Рыбальском" заводун сатуудан 300 миллион доллар кирешесин мыйзамдаштырган" деп шектелип, күбө катары суракка чакырылган. Эми ага кайра чакыруу кат жөнөтүлөт.

Мамлекеттик тергөөлөр бюросу Петро Порошенкого тиешелүү 8 кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Экс-президент жасады делген коррупциялык иш-аракеттери жана кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу фактылары текшерилип жатат.

Порошенконун адвокаты экс-президентке суракка эч кандай чакыруу кат келбегенин айтты. "Эгер тергөөчүлөр Порошенкону суракка чакыргысы келсе, 2019-жылдын 21-июлунан кийин чакырсын", - деди адвокат.

Петро Порошенко Украинанын 5-президенти болгон. Ал бул кызматты 2014-2019-жылдары ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-07-17 16:24:28
Атамбаевден уйронуп алган окшойт.
+9
ahun72
2019-07-17 19:07:56
Президент болобу кедей болобу бардыгы кылган ишине жооп берсе болот
+2
aerforce
2019-07-17 20:12:55
Атамбаев экоосун бирге чаеыргыла эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан