Улуу Британияда врачтар баш сөөгү бириккен сиам эгиздерине операция жасашты. Дээрлик эки саатка созулган үч операцияга 100гө чукул адам катышты. Алардын арасында врачтар, биоинженерлер, виртуалдык реалдуулук дизайнерлери бар. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.
Сафа менен Марва Пакистандын түндүгүндө төрөлүшкөн. Ал учурда кыздардын апасы Зайнаб Биби 7 баланы төрөгөн эле. Эгиздер жарык дүйнөгө келерден эки ай мурун алардын атасы жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Зайнаб кыздарына операция жасоо мүмкүнчүлүгү болсо ага макул болорун айтат. Врачтар сиам эгиздерин 1 жашка чейин бөлүү керектигин айтышкан. Оор операция жасоо үчүн көп суммадагы каражат керектелип, аны чогултууга эле убакыт кетип калган. Кыздарды Лондонго алып келгенде алар 19 айлык эле.
Наристелердин башындагы тамырлар S формасында өрчүгөндүктөн операция жасоо кыйынчылык туудурган. Врачтар баш сөөк башкача өскөндүктөн эгиздердин бети эки жакты карап калган. Ар бир мээнин жарым шары экинчисинин мээсине өтүп кеткен. Алардын бириккен кан тамырларын бөлүү эң кыйынга турган. Алардын бөлүнүшүнөн мээ инсультка кабылышы мүмкүн эле.
Операциянын биринчи этабы 2018-жылдын октябрь айында болуп 15 саатка созулган. Анда артериянын байланышкан жерлери бөлүнгөн. Экинчи этабы декабрь айында болуп, анда вена кан тамырлары бөлүнгөн. Февраль айында 7 саатка созулган операцияда врачтар эгиздерди бөлүшкөн. Андан кийин алардын мээсин тоголок формага келтирүү иштери башталган. Врачтар бул процесс көп убакытты аларын белгилешкен.