Бишкекте ресторан жана Асема Токтобекованын сулуулук салону өрттөнүп, 3 киши түтүнгө ууланды

Бүгүн, 17-июлда Бишкекте "Али-Хан" рестораны, "Асем" сулуулук салону жана "Портфель" дүкөнү өрттөнүп, анын кесепетинен 3 эркек киши түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жабырлануучулар ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бүгүн, 17-июлда саат 16:20 чамасында Жаш Гвардия бульварында жайгашкан "Али-Хан" ресторанында өрт чыккан. Өрт бул тамактануучу жайдын жанындагы "Асем" сулуулук салонуна жана дүкөнгө өткөн. Аталган салон ырчы жана актриса Асема Токтобековага таандык.

Бишкекте Асема Токтобекованын сулуулук салону өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2019-07-17 23:39:03
Жаман кырсык болуптур.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан