Мэрия: "Орто-Сай" базарында башаламан соода кылган жайлар иретке келтирилди"

Бишкектеги "Орто-Сай" базарында акыркы 20 күндөн бери башаламан соода кылгандар байкалган жок. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын Юнусалиев, Сүйөркулов көчөлөрүндө соода багытындагы тартипти сактоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Базардын айланасындагы абалды муниципалдык аймактык башкармалыгы менен Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Мэрия жерде сатылган азык-түлүк ден соолукка зыян экенин эскертип, жарандардан жарнама орнотуу жана соода кылуу эрежелерин сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан