Нарында козулардын өлгөнүнүн Солтон-Сары алтын кенине байланышы барбы? Өкмөттүн жообу

Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги ар кандай тарап жаткан маалыматтар боюнча бүгүн, 18-июлда атайын маалымат жыйыны өттү. Анда аталган кенге кечээ өкмөттүн тийиштүү кызматкерлери барганы айтылды.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын орун басары Кумар Исаковдун айтымында, 8-июлдан ушул күнгө чейин 22 козу өлдү. "Мындан улам койлордон анализ алып жатабыз. Бирок эч кандай жугуштуу ылаңдын коркунучу жок. Ал эми өлгөн койлордун анализдери келе жаткан жумада чыгат. Ал тууралуу маалымат беребиз. Ошондой эле өлгөн 22 козу тең бир короодон чыгып жатат. Анан дагы баары эркек козулар. Мындан улам бизде ар кандай күмөн саноолор бар. Ал эми кен менен малчылардын эч кандай байланышы да жок. Балким, кандайдыр бир жугуштуу оорулар болуп калышы мүмкүн", - деди Исаков.

"Азыркы учурда атайын анализ алуу үчүн атайын тирүү козуну алып келдик. Алынып келгенине 3 күн болду. Бирок эч кандай коркунучтар байкала элек", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Солтон-Сары кенине жакын айыл элинин жашоочулары 15 күнгө компания иштебей туруусун талап кылышкан.

"Азыркы учурда кен иштеп жатат. Бирок айыл элинен 5 күн уруксат сурадык. Ал күндөрдө биз малдын эмне себептен өлүп жатканын тактап берүүнү айттык", - деди чиновник.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруулардын видеолорун интернетке жарыялашкан. Ошондой эле видеодо кой-эчкилердин өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармактардын колдонуучулары малдын өлүп жатышына Солтон-Сары алтын кениндеги жарылуу себеп болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2019-07-18 15:39:54
Иштетпегиле
+2
Makul
2019-07-18 16:06:32
Ошондон киши өлүп атса айтышпайт да булар. Акчаны ооздоруна тыгып коюшту да
+2
BarsBaatyr
2019-07-18 16:14:44
Жыйынтык белгилүү да. Кендин эч кандай тиешеси жок деп чыгат
+2
Jaznura
2019-07-18 16:21:46
Буларга да лицензияны Атамбаевдин бомбадири Зилалиев берген
-2
aydinnur
2019-07-19 03:34:28
Jaznura,кой калп айтпаңыз))) Ага чейин эле Бакиевдин убагында берилген
+1
bond02
2019-07-18 23:42:14
Ушул Исаков дегенин ошол жайлоого алып барып кой кайтартыш керек да ошондо тез эле билинет эмнеден экени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан