Элдин баарын картайткан FaceApp`тын коопсуздук жагы күмөндүү экени айтылды

Орусиялыктар тарабынан иштелип чыккан FaceApp тиркемеси колдонуучулардын телефонундагы жеке маалыматтардын сакталуусуна кепилдик бербей турганын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

FaceApp мобилдик тиркемеси - орусиялык Wireless Lab компаниясына тиешелүү. Эксперттер бул тиркеме колдонуучулардын жеке маалыматтарынын сакталуусуна кепилдик бербей турганын билдиришкен.

Себеби тиркеменин саясатында колдонуучунун телефонундагы сүрөттөргө жана электрондук дарегине кирүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги айтылат. Экинчиден, сиз жүктөгөн сүрөт телефонуңуздан эмес башка жактан кайра иштелип келет. Ал андан ары кайсы жакка тарап кетери белгисиз.

Аталган тиркеме - бүгүнкү күндө эң көп орнотулган тиркемелердин бири. Дүйнөдөгү белгилүү адамдар жана кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү да четте калбай аталган тиркеме аркылуу жасалган сүрөттөрүн жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-07-18 16:36:24
ошо да, озу негизи соц сеттерге, ушуга окшогон программаларга ишенич жок, установка кылып иштетейин десен сразу разрешение сурайт, контагына, камерага жана башкаларга, менимче база данных топтосо керек. Мисалы 100 миллион адам колдонгон, кочургон болсо ошончо адам базада сакталды деген соз да, шпионский жактары жок деп эч ким айта албайт. Ошондуктан жогорудагы маалыматка кошулам
+9
Eka.kg
2019-07-18 16:59:08
kechirmeni,Телефонубуз интернетке уланганда бүт маалымтарыбыз (фото, контакт, смс) Американын серверине түшөт.
+7
Kombi
2019-07-18 21:30:48
Eka.kg,Ооба бизден телефондорду, компьютер, планшет хакерлер коруп жуктоп коет же атайын программа бар. Ошондуктан уят нерсе тартпагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан