Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп табылган Казак жараны скутердин акчасын төлөп Алматыга кетти

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп табылган Казакстандын жараны Аркадий Мальков Алматыга кетти. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, ал райондук милиция бөлүмүндө бир нече саат болду. "Чөгүп кеткен скутердин ээси милицияга арыз жазып, 5,5 миң доллар кайтарып берүүнү суранган, бирок скутер камсыздандырылган эмес эле жана лицензиясы жок болчу. Скутердин ээси менен маселени өз ара сый мамиледе чечтик. Соодалаштык, мен талап кылынган сумманы төлөп бердим", - деди Мальков.

Мындан тышкары ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгине скутер менен баруу оюнда болбогонун айтты. "Өзүңөр ойлосоңор, Ысык-Көлдүн туурасы 60 чакырым болсо, скутердеги майдын запасы 60 чакырымга жетпесе, мен кантип ал жакка барып кайра келмекмин? Келесоо да мындай кылбаса керек. Скутерди жөн эле сууда айдоо үчүн алгам. Мен дайыма жээктен алысыраак барып, жилетти чечип сууга түшөм. Ошентип эс алганды жакшы көрөм", - деди Казак жараны.

Окуянын чоо-жайы:

53 жаштагы Аркадий Мальков 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМдын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.

16-июлда "Алтын-Көл" эс алуу жайына изделип жаткан жаран келген. Анда Аркадий М. скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткенин айткан. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
suyor
2019-07-18 23:22:28
Окуянын чоо жайы деген жери эле аллергия кылатда , ошонун ордуна башка соз тапкылачы
+4
Aza17
2019-07-19 00:01:36
Замандан артта калган карангылар. Мыйзам кабыл алгыла:Колдогу моторлуу кайыктын баарына GPS. SOS кызматын орнотуу к.к. Адамдын омуру учун 5000с/10000с аябоо к.к Коопсуздук болсо Туристер да коп келет.
+6
aibars
2019-07-19 02:28:46
Aza17, Замандан алдыга кеткен акылдуу сен болсон, кыргыз тилинде туура жазып уйрончу!
-9
tyka
2019-07-19 02:54:33
aibars,катасы барбы? Таппай атам
+4
admin_portal
2019-07-19 09:19:00
suyor, бул кабардан башынан маалыматы жок колдонуучулар болушу мүмкүн.
+2
bond02
2019-07-18 23:28:35
Элдин арасында сууга тушпойт экен да ошондо э, калпты да келтирет экен да.
+1
JaneEr
2019-07-19 10:10:10
Мошенник
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан