Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнора Каримованы жаза өтөп жаткан колониядан "Тез жардам" кызматы алып кетти. Бул тууралуу анын адвокаты, швейцариялык юрист Грегуар Манжа Твиттердеги баракчасына жазды.
Адвокат Каримова менен жолугуу үчүн Өзбекстанга келгенин билдирген. Ал колониянын алдында 6 саат күтүп турганда жаза өтөөчү жайдан эки "Тез жардам" кызматы өткөн.
Адвокат ишенимдүү адамдары аркылуу унаалардын биринде Гүлнора Каримова болгонун билген. "Ал менин Өзбекстанга келгенимди да биле элек окшойт" деп жазды Манжа.
2015-жылы Ташкентте сот Гүлнора Каримованы салык төлөбөгөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапкан. Ал Өзбекстанга келтирген зыяндын суммасы 1 триллион 270 миллиард 200 миллион сум, 1 миллиард 651 миллион 800 миң доллар, 26 миллион 100 миң евро деп айтылат маалыматта. Жалпы суммада ал Өзбекстанга 3,7 триллион сум зыян келтирген.
Гүлнора Каримовага 2017-жылы декабрь айында уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин жаза өтөө мөөнөтү 5 жылга кыскартылып үй камагына алынган. Бирок ал үй камагында экенине карабай Дубайга барып келди деген негизде март айынын башында камакка алынган.