Социалдык тармактагы популярдуу болгон Инстаграм тиркемеси билдирүүлөргө басылган жакты белгилерин жашыра баштады. Учурда "лайктарды" жашыруу эксперименти 6 өлкөдө жүргүзүлүп жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жакты белгисин жашыруу функциясын тестирлөө алгач май айында Канадада башталган. Андан кийин Австралияда, кийинчерээк Жаңы Зеландия, Ирландия, Италия, Япония жана Бразилия өлкөлөрүндө башталган.
Учурда Инстаграмдын колдонуучулары өзүнө, башкаларга коюлган жакты белгисинин санын көрө алат. Жаңы функция ишке киргенден кийин колдонуучулар башкалардын билдирүүсүнө жакты белгисин койгондорду көрөт, бирок санын көрө алышпайт. Ал эми өздөрүнүн билдирүүсүнө коюлган жакты белгисинин саны өзүнө гана көрүнөт.
Мындай функцияны ишке киргизүү интернет колдонуучулардын билдирүүлөрүнө коюлган "лайктарды" салыштырууну, атаандашууну жоёт. Ошондой эле колдонуучулар өзүнө жаккан нерселери, ою менен ачык бөлүшүүнү камсыздай турганын Фейсбуктун саясат маселелери боюнча директору Миа Гарлик айткан. Инстаграм Фейсбук компаниясына таандык.
Ишке кире турган функция тиркеме аркылуу бизнес кылууга, жарнама жасоого эч кандай таасир этпейт. Инстаграмдын жетекчиси Адам Моссери колдонуучулар канча "лайк" топтодум деп кабатыр болбостон, жакын адамдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүсү үчүн ушул функция иштелип чыкканын айткан.
Аталган социалдык баракчадагы билдирүүлөргө коюлган "лайктар" колдонуучунун ийгиликтүү, белгилүү адам экенин көрсөтөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй мындай көрсөткүч адамдын өзүн-өзү баалоосун жогорулатууга же жоготууга алып келет.