Өзгөндө жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго сатууга аракеттенген 2 жарандын башка баласы жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзүнүн 1 ай боло элек кызын сатууга аракеттенген ата-эненин - бул биринчи ымыркайы.
"Оор кылмышка шектелип жаткан 1997-жылы туулган Өзгөн районунун жана 1995-жылы туулган Баткендин тургуну жарандык никеде жашап келген. Бирок ЗАГСка катталган эмес (жарандык абалды мамлекеттик каттоо). Учурда алар тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Соттун чечими менен алар 15-сентябрга чейин үй камагына чыгарылган", - деп билдиришти.
Буга чейин 15-июль күнү 25-июнь күнү төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган жарандын кармалышы боюнча айтылган. Учурда ымыркай тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан алынып, реабилитациялык борбордо каралууда.