Баткенде атайын багыттагы аскер кызматкери ага майор бычак сайганын, бирок "жаракатты сабак учурунда алдым" деп айтканга көндүргөнүн билдирди. Окуянын чоо-жайы айтылган видеону блогер Болот Ибрагимов жарыялады.
Аскер кызматкеринин айтымында, алар иш сапарга чыгууга камынып жатышкан. "Аскердик мүшөгүмдө бычак менен фонарик жок болчу. Эртең менен күзөткө чыктым. Аны алып келип салып жатканымды командирибиз көрүп "бычагымды алып алгансың го" деп алып кетти. Күзөттө турганда майорду көрүп "жанагы бычак белекке берилген эле. Кайтарып бербейсизби?" десем, ал "белекти үч жолу кайра-кайра берсе болот" деди.
Балдар тизилүүгө чыгып жатышканда ал мени башкача карап калды. Колундагы макини ачып, мага карай басып келе баштады. 5-6 жолу аракет кылганда буйтап жаттым. Анан "колуңду тартчы" дегенде тарта койсом бычакты мага матырып алды.
Фельдшерди чакырып канды токтотконго аракет кылып, биринчи жардам көрсөттү. Унаа таап ооруканага алып барышты. Врач келип дароо операция жасоо керектигин айтты. Колдорум барган сайын тырышып, түйүлүп баштады. Колумду жайганга аракет кылышты. Оозум да тырышып, сүйлөй албай калдым. Анан 1-2 ийне сайгандан кийин кандай болгонун билбейм. 8-9 күн Айдаркенде дарыландым. Андан кийин дааратканага бара албай калганда Бишкекке алып келишти", - дейт жабырлануучу.
Ал бычактан жаракат алгандан кийин салмагы 60-62 килограмм болсо, эки операциядан кийин 51 килограммга түшкөнүн белгиледи.
"Бишкекке 4-июнда келдик. Ичегилерден суюктук кетпей калганы билингенде операция жасашты. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда 19-июнга чейин жаттым. Корей медициналык борборуна барганыбызда жаракат олуттуу экенин айтып, тамчылатма дары зарыл болбосо куйбаш керектигин эскертишти. Дарыгерлер бул жаракат менен атайын багыттагы аскер катары кызмат өтөй албайсың дешти.
Айдаркенде командир бир-эки жолу келип кабар алып кетти. Бир жолу келгенинде "эки кызым бар, жетим калбасын. Ага-ини бололу. Мен өзүм баарын жасап берем. Моюнума алайын. Сабак учурунда болду деп айталы. Компенсацияга 200-300 миң сом берет экен" деди. Орозо күндөрү сурангандыгы үчүн макул деп ушуга чейин сабак учурунда болду деп келдим", - деген аскер кызматкери.
Чек ара кызматы жабырлануучу айтып берген окуяны сабак учурунда болгонун билдиришти. Ошондой эле факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Аскер прокуратурасы учурда тергөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.