"Кадамжай унаа жолу" көзөмөл өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Мындай маалыматты мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 20-июлда 42 жаштагы М.Е. аттуу Өзбек жараны Кыргыз өлкөсүнө келе жатып чек арадан кармалган. Ал көзөмөл-өткөрүү учурунда 39 жаштагы И.З. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери сүрөттөгү адам башка экенин аныкташкан.
Сурак учурунда Өзбек жараны чек арадан сиңдисинин паспорту менен өтүүгө аракет кылганын жашырган эмес. Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин Өзбек жараны Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.