АКШда мээ кайнаткан ысык 6 адамдын өмүрүн алды. Каза болгондордун төртөө Мэрилэнд, бирөөсү Аризона, дагы бири Арканзас штаттарында катталган.
Чет элдик басылмалар катуу ысык АКШнын чыгыш жана батыш тараптагы аймактарында катталышы мүмкүн экенин жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, абанын температурасы +37... +45 градуска жетиши күтүлүүдө. АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы өлкөнүн калкынын жарымы катуу ысыкка кабылганын маалымдап, тургундарды этият болууга чакырган.