Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду деген маалымат тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Түркмөнстандын оппозициялык каналы кечээ, 20-июлда түшкү убакыттан кийин Гурбангулы Бердымухамедов бөйрөк оорусунан каза болгонун билдирген.
Ал эми Евразия маселелери боюнча мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев президенттин өлүмү тууралуу Ашхабадда иштеген жеке ишкерлер маалымдаганын айткан.
Учурда бул маалымат расмий түрдө тактала элек.
"Хроники Туркменистана" басылмасынын маалыматына ылайык, Гурбангулы Бердымухамедов 5-июлдан тартып 15-июлга дейре эл көзүнө чыккан эмес. 15-июлда мамлекеттик телеканалдар анын эмгек өргүүсүнө чыкканын, убактысын үй-бүлөсү менен чогуу өткөрүп, чыгарма жазып жатканын репортаж аркылуу маалымдашкан. Андан бери президент тууралуу эч кандай маалымат таратыла элек.
Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда төрөлгөн. Ал 2007-жылы 14-февралда Түркмөнстандын президенти болуп шайланган.